Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 200гө жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда 2-майга карата дагы эки медкызматкер коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде кабарлады. Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда бирден учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 200гө жетти — алардын дээрлик 30 пайызы дарыгер. Ооруга чалдыккан медиктердин 122си айыгып ооруканадан чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алган болсо ага 200 миң сом кун каралган. Ал эми медкызматкер COVID-19дан каза тапса анын үй-бүлөсү 1 млн сом компенсация алат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 769 адамды түздү. Алардын ичинен 527 адам илдеттен айыгып, сегизи каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 828 адам жатат.