Ачка калган картаң илбирс малга кол салды, ал реабилитациялык борборго которулат

Нарын районунун Эмгек Талаа айлынын тургундары олжо издеп адамдар жашаган жерге түшкөн ачка ак илбирсти кармашканын билдиришти. Жырткыч музоону жеп жаткан жеринен кармалган.

Абдан алсыз жана бир бутунан аксаган илбирсти дароо ветеринарлар кароо үчүн келишкен.

«Мындан тышкары, анын көзү начар көрөт. Ден соолугуна жана карып калгандыгына байланыштуу өз алдынча аң уулоого чыгып жанын бага албайт. Үй жаныбарына кол салуу үчүн ушул нерсе себеп болгон өңдүү», — деп билдиришти Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттигинен.

Ветеринарлар жырткычты Ысык-Көл облусунун Ананьево айлындагы реабилитациялык борборго жеткирүү чечимин кабыл алышкан. Азырынча бул өлкөдөгү жапайы жаныбарлар үчүн жападан-жалгыз реабилитациялык борбор.

Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттигинен жаныбар дайыма ветеринарлардын кароосунда болоорун кабарлады.

«Ак илбирс дээрлик калыбына келип, өзүн жакшы сезип калды. Ветеринарлардын кароосунда болуп атат. Бишкектен келе турган ветврачтардын тобу илбирстин абалын жана ден соолугун кошумча текшеришет», — деп билдиришти мамагенттиктен.

ТЕМА БОЮНЧА: