Бишкекте коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза тапты

Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-майдагы брифингде коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап каза тапканын кабарлады — ал 69 жашта болгон. Бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан.

«Бейтапта ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу», — деди Үсөнбаев.

Каза болгон бейтап Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген кызы менен карым-катнашта болгон. Бирок медкызматкердин өзүнөн коронавирус аныкталган жок.

Ушуну менен илдеттен каза тапкандардын саны 11 адамга жетти. Алардын сегизи Ош облусунда, үчөө Бишкек шаарында каза болду.

5-майга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 13 учуру катталды — жалпы 843 учур. Илдеттен айыккандардын саны 600дү түздү. Учурда ооруканаларда 232 бейтап калууда, алардын сегизи оор абалда.