Бишкекте дарыланган жалал-абаддык бейтап кантип коронавирус жуктурганы изилденүүдө

Сүрөт Нурдин Жээнтаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнүн COVID-19га чалдыккан бейтаптары менен медкызматкерлери илдетти кайдан жуктуруп алгандыгы изилденип жатат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-майдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алган бейтаптардын бири Жалал-Абадда дарыгерлерден консультация алып жүргөн.

«Учурда ал эне менен баланын байланыштарын толук изилдөөгө алдык жана кандай шартта жугузуп алгандары тууралуу кийинчерек маалымат берилет», — деди Үсөнбаев.

Буга чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө дарыланып кеткен бейтапта COVID-19 аныкталгандыгы маалымадалган. Бейтапта коронавирус бар экендиги Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кайткандан кийин белгилүү болгон. Мындан улам гематология бөлүмүндө иштегендер жана дарыланып жаткандардан анализ алынган.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча ПЧР диагностика эки жаш балада, үч энеде жана эки медицина кызматкеринде COVID-19 бар экенидигин көрсөттү. Ал эми калган 20 кызматкерде, 13 балада жана жети ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс чыкты. Эми алар 14 күн бою медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Мындан сырткары аталган ооруканада он үч баланын абалы оор болгондуктан, алар ооруканада дарыланууну улантууда. Ал эми 20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган.