Cүрөт: Президент жана мэр Чолпонбай Түлөбердиевдин айкелин ачышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-майда Бишкектин батыш бөлүгүндө жайгашкан паркта Кызыл Армияда аскердик кызматын өтөгөн Чолпонбай Түлөбердиевдин айкелин ачты. Бул паркка баатырдын аты берилген. Парктын реконструкциясы 4-май күнү аяктаган.

Түлөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кошулган.

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат», — деп белгиледи президент.

Айкелдин ачылышына Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана Орусиянын кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты.

Жээнбеков белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Коронавирус жана ӨА режимине байланыштуу буга чейин Бишкекте «Өлбөс полк» акциясы токтотулган. ӨА режиминде массалык иш-чараларга тыюу салынган, ошондуктан «Өлбөс полктун» маршы онлайн-форматка өткөрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги: «Өлбөс полк» онлайн өтөт