«Кадимки сасык тумоодой башталган». Орусияда COVID-19дан каза тапкан алгачкы кыргыздын окуясы

«Азаттык» басылмасы өз маалымат булагына таянып, Орусияда COVID-19 жуктуруп каза тапкан үч кыргызстандык тууралуу билдирди. Каза тапкан мекендештердин биринин туугандары басылмага жашыруун шарты менен окуянын чоо-жайын айтып берген.

Жалал-Абаддын атуулу 25-апрелде Москванын ооруканасында каза тапкан. Ал 51 жашта болгон. Маркумдун жакындары бир нече жылдан бери Орусияга иштегени барып жүргөнүн айтышууда. Ал өнөкөт бронхити менен ооруп жүргөн. Акыркы жолу ал Москвага март айында келип, апрелдин ортосунда ооруп калган.

«Баары кадимки сасык тумоодой башталган. Эки жума ошондой абалда жүргөн. Ал эми дем алгандан кыйнала баштагандан кийин “тез жардам” чакырганбыз. Ал төрт күн реанимацияда жатты. Өз алдынча дем ала албагандыктан жасалма дем алдыруучу аппаратка коштурулган. Чынын айтканда, акырына чейин эмне болуп атканын билбедик. Телефон аркылуу да ооруканана менен байланышып аттык. Кийинчерээк сөөктү тапшырып жатышканда маалымдамада COVID-19 деп жазылыптыр», — деп келтирет «Азаттык» маркумдун жакындарынын айткандарын.

Журналисттердин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгү Кыргызстанга жабык табыттын ичинде жеткирилип, Жалал-Абадда жерге берилген.

«Биз аны айылга түндө алып келип, эртеси күнү жерге бердик. Болгону ал Москвада кайтыш болгонун, бирок коронавирус тууралуу эч нерсе айткан жокпуз. Анын чоңоюп калган балдары бар. Аялы карантинде», — деп билдирген маркумдун тууганы.

51 жаштагы маркумдан тышкары, Москвада коронавирустан улам Ош облусунун 1961-жылы туулганын Ноокат районунун жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 1969-жылкы атуулдары да каза тапканы кабарланууда. Бирок алардын туугандары комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Орусияда расмий маалымат боюнча Кыргызстандын 750 миңге чукул жараны бар. Алардын ичинен канчасы коронавирус жуктурганы белгисиз. Бирок ооруканаларда же амбулатордук түрдө дарыланып аткан ондогон кыргыз жарандары тууралуу маалыматтар бар.