Коронавирустан дагы 13 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-майда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Бишкек жана Ош шаарларында алтыдан, Нарын облусунда бир бейтап өпкөнү сездеткен илдеттен айыкты. Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 650гө жетти.

Кыргызстанда 8-майга карата коронавирустун жаңы 11 учуру катталды — жалпысынан 906 учур. Ооруканаларда 244 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.