Медиктерди жакалап COVID-19га карата тест өтүүдөн баш тарткан тургундун үстүнөн тергөө башталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нурдинбек Жээнтаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургунуна карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тургун коронавируска карата ПЧР тестин алууга барган медиктерди жакалап, тесттен өтүүгө каршылык көрсөткөн.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, окуя 2-май күнү болгон, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

«Чаткал районунун дарыгерлери Каныш-Кыя айылынын 1991-жылы туулган тургундун үйүнө анализ алууга келишкенде, тургундун кошуналары келип каршылык көрсөтүп, “андай оору жок” деп айтышкан. Андан кийин анализ тапшыра турган тургун лаборантты жакалап, уят сөздөр менен тилдеген», — деди Жээнтаев.

Мындан тышкары, Жээнтаев тургундун атасы да уулунун ооруканага жатуусуна каршылык көрсөтүп, бул боюнча анализ алганы барган лаборанттар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Андан кийин тест тапшыруудан баш тарткан тургун өзү да «Дарыгер анализдин жыйынтыгын кошуналарымдын көзүнчө жарыялап жиберди» деп кайра дарыгерлерлердин үстүнөн милицияга арыз жазган.

«Даттануучу уулун Чаткал райондук ооруканасына алып келген учурда жанында кошуналары болгон. Дарыгер анализдин жыйынтыгын кошуналарынын көзүнчө жарыялап жибергендиги үчүн мыйзам чегинде чара көрүп бериңиздер деп кайрылган», — деди Жээнтаев.

Бул арыз Чаткал РИИБи тарабынан КЖБРге «Дарыгердик сырды ачыкка чыгаруу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

7-майдагы брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Чаткал районунда коронавирус жуктурган 13 адам бар экенин жана алардын баары тең тажыяда болушканын билдирген. Тажыяга COVID-19у бар болгон Бишкектен да адамдар барышкан.

«Райондогу бардык 13 жуктуруу учуру бири-бири менен байланыштуу. Учурда биз ал жакта, алар менен байланышта болгондорду издеп жатабыз. Аты-жөнүн, даректерин тактап, аларды байкоого алып жатабыз», — деп билдирген Нурболот Үсөнбаев.

Ошондой эле бүгүн 8-майда «РСК Банктын» Чаткалдагы филиалында бир кызматкерде коронавирус аныкталганы кабарланды. Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында, аталган кызматкер да тажыяга баргандар менен байланышта болгон. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат.