«РСК Банктын» Бишкек жана Чаткалдагы филиалдарынын эки кызматкеринде коронавирус аныкталды

«РСК Банк». Сүрөт: Nishan Amanbaev

Материал 13.29да жаңыртылды

Коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында «РСК Банктын» эки кызматкери бар — алар карым-катнашта болгон бейтаптар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-майдагы брифингде билдирди.

Өпкө илдетини жуктуруп алган банк кызматкерлеринин бирөөсү Бишкекте, экинчиси Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда.

«Бишкектеги бейтап карым-катнашта болгондордун арасында табылып, ооруп, даарыланып, айыгып чыгып кетти. [...] Экинчиси Чаткалда [тажыяга] катышып, карым-катнашта болуп, ошол жерде жугузуп алган», — деп түшүндүрдү Үсөнбаев.

«РСК Банк» бул маалыматты тастыктады. Алардын айтымында, Бишкектеги кызматкери өзгөчө кырдаал тартиби киргизилгенден баштап үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Ал эми Чаткалдагы кызматкери учурда Каныш-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.

«Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок», — деп билдиришти «РСК Банктан».

Кечээ, 7-май күнү, Чаткал районунда 13 адамда коронавирус аныкталган — алардын баары тажыяда болушкан. Тажыяга COVID-19у бар болгон Бишкектен да адамдар барышкан.

Буга чейин жергиликтүү бийлик 4-майдан тарта аймакка кирүүгө тыюу салган.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда коронавирустун жалпы 135 учуру катталган — алардын 16сы Чаткал районунда.