Өз каалоосу менен текшерилген 6 жаранда тең коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нурдин Жээнтаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Материал саат 13:01де жаңыртылды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майдагы брифингде буга чейин коронавируска өз каалоосу менен текшерилүүнү каалаган алты жаран кайрылгандыгын билдирди. Алардын бардыгында Covid-19 табылган.

«Өз алдынча кайрылган жарандарда COVID-19дун ар кандай белгилери байкалгандыктан дарыгерлерге кайрылышкан. Коронавируска күмөн санап текшерүүгө алганыбызда аталган вирус бар болуп чыкты», — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары Үсөнбаев өз ыктыяры менен кайрылгандардын бири Бишкектеги «Фрунзе» гипермаркетинин сатуучусу экендигин айтты. Үсөнбаевдин айтымында, ал оорунун белгилерин байкап, Санэпидемстанцияда иштеген тууганына кайрылган. Ал жактан изилдөө жүргүзүп, вирус тастыкталгандан кийин ооруканага жаткырылган.

Өлкө боюнча 12-майга карата коронавирус инфекциясы дагы 21 адамдан табылды. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 1037ге жетти — анын 241и медкызматкер. Коронавирус жуктурган он эки бейтап каза тапты, алардын ичинде бир медкызматкер бар. Өпкө илдетинен жалпысынан 709 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус Кыргызстанда алгачкы жолу 18-мартта Жала-Абад облусунун Сузак районунда кичи ажылыктан келген үч жарандан табылган. Алар 70, 62 жана 46 жаштагы эркек кишилер болгон. Жалал-Абад облусунда COVID-19дун 147 учуру катталды, анын ичинен 112 бейтап айыкты.