Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 13-майда өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 17 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарынан он, Баткен облусунан төрт, Жалал-Абад облусунан эки жана Нарын облусунан бир бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын он экиси каза болду. Ал эми 726 айыкты — бул оорулуулардын 70 пайызын түзөт. Ошондой эле COVID-19ду жуктуруп алган 241 медкызматкердин дээрлик 78 пайызы айыгып, ишке кирише башташты.

13-майга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы жети учуру катталды. Учурда ооруканаларда 306 адам дарыланып жатат — алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.