Өкмөттүн Оштогу өкүлү Орозо айтка карата ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Орозо айтка карата жарандарды көп чогулбоого жана ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Жакында Орозо айтка карата куран окутуу, жылдык өткөрүү иш-чаралары болушу мүмкүн. Көп адамдардын топтолуусун уюштурбоого жана аймактан-аймакка каттабай турууну, ошондой эле, 2-3 жылкы союп, ыксыз чыгымдарга жол бербөөңүздөрдү суранам», — деп билдирген ал.

Ошондой эле Жылкыбаев анын ордуна тургундарды өздөрүнүн ден соолугун чыңдап, үй шарттарын жакшыртууну жана балдардын билимине салым кошууну сунуштады.

Муфтияттын маалыматына ылайык, азырынча Орозо айттын так күнү белгилене элек. Ал эми муфтий Максатбек Токтомушев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканча жарандарды Орозо айында ооз ачууларды уюштурбоону, таравих намаздарын үйдөн окууну айткан.

Кыргызстанда COVID-19 алгачкы жолу 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунан аныкталган. Алар 12-март күнү умрадан кайтып келишкендиги маалым болгон.

Ал эми 14-майга карата илдетти жуктурган жарандардын саны 1082ге жетти — алардын 735и айыгып чыгып, он экиси каза тапты.