Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 1082ге жетти

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Материал 11.01де жаңыртылды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 14-майдагы брифингде өлкөдө коронавирустун жаңы 38 учуру катталганын билдирди — алардын жетөөсүмедкызматкер.

Нарын облусунда 15, Бишкек шаарында 14, Жалал-Абад облусунда төрт, Чүй облусунда төрт — алардын экөөсү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жаран, Ош шаарында бир адамда коронавирус шарттаган инфекция аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1082ге жетти — алардын 248зи медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 735 адам айыгып, он эки бейтап көз жумду — алардын ичинде бир медициналык кызматкер да бар.

Аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 296, Ош шаарында – 114, Ош облусунда — 181, Нарын облусунда – 152, Чүй облусунда – 94+58, Жалал-Абад облусунда – 151, Баткен облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 12. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 335 адам калууда. Алардын жетөөсү оор абалда, бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1534 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4683 адамды түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Бир сутка ичинде 2322 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.