Нарында жаңы төрөгөн сегиз аял коронавирус жуктуруп алды

Республикалык штаб маалымдагандай, Нарын облусундагы жаңы төрөгөн сегиз аялда жана бир дарыгерде коронавирус аныкталды. Учурда алар Нарын облустук ооруканасында дарыланышууда, алардын абалы канааттандыраарлык.

Штабдын маалыматы боюнча, 14-майда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган вирусу бар калган алты адам алар менен байланышта болгон туугандары.

Бүгүнкү күндө Нарын облустук ооруканасынын медкызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алуунун 11 учуру белгилүү. Алар төрөт бөлүмүндө иштешкен, азыр ал жакта жаңы төрөгөн сегиз аял, алардын балдары жана боюнда бар жети аял жатат.

Штабдан бөлүмдө алдын ала дезинфекция иштери жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Бир жашка чейинки ымыркайлар да коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Алар аны инфекция билинбей өтүп аткан үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алуу коркунучу бар.

Кыргызстанда ымыркайлардын арасында COVID-19дук жуктуруунун 12 учуру катталган.

14-майга карата, Нарын облусунда коронавируска чалдыгуунун 152 учуру аныкталган. Калктын санын 100 миң адамга бөлүп караганда, Кыргызстандын ушул облусунда адамдар ооруга көп чалдыгат.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын 1082 учуру катталган. Алардын ичинен 248 — медкызматкерлер.