Парламент өкмөттүн 2019-жылга карата отчётун жактырды

Депутаттар өкмөттүн отчётун жактырып, анын Мухамедкалый Абылгазиевдин жетектөөсү алдындагы 2019-жылга карата ишин канааттандыраарлык деп тааныды. Мындай чечимди 120 депутаттын ичинен 96сы колдоду. Беш депутат колдоого каршы добуш берди.

Абылгазиевдин программасы «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталып, экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жана коррупцияга каршы күрөшкө карата багытталган. Өкмөт башчысынын пикири боюнча, өкмөт программасын 95% аткарган.

Парламенттин жыйынында ал экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчёт берди. Өкмөт 2019-жылы ИДП 4,5% өскөнүн, экспорт 7,5% көбөйгөнүн жана бизнес чөйрөсү үчүн шарт түзүү багытында Кыргызстандын эл аралык рейтингде позициясы жакшырганын кабарлады.

Абылгазиевдин маалыматы боюнча, эл аралык макулдашуулардын негизине Кыргызстанга 550 млн доллар келип түшкөн, алардын ичинен 260 миллиону грант каражаттары болуп саналат.

Ошол эле учурда республикалык бюджеттин кирешеси 2019-жылы 152 млрд сомдон ашып, ал эми чыгымы — 162 млрд сомду түзгөн. Таңсыктык дээрлик 10 млрд сомду чапчыган. Бюджетке 3 млрд 600 млн сом түшпөй калган, Салык кызматынан — 1 млрд 525 млн сом, ал эми Бажы кызматынан — 1 млрд 463 млн сом.

Кээ бир депутаттар өкмөттүн статистикалык маалыматтарына карабастан, чындыгында кыргызстандыктардын жашоосу жакшырбаганын билдиришип, министрлери кабинетин отставкага кетирүүгө чакырышты.

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев кесиптештерин өкмөттүн жумушун канааттандыраарлык эмес деп таанууга чакырды. Анын айтымында, министрлер кабинети өз жумушун аткара алган жок, анткени бюджеттин кирешеси боюнча план аткарылган эмес.

«Рейтингиңер эмнеге көтөрүлүп кеткенин билбейм. Бирок бюджет аткарылбаптыр. Биз бекитип берген мыйзамды аткарыш керек да. Анан адаттагыдай күздө келесиңер, “2019-жылды түзөтүп бергиле” деп. 2018-жылдагыдай болуп “4-5 миллиардды өзгөртүп бергиле” дейсиңер. Ошентип эч нерсеге эч ким жооп бербей калат», — деп келтирет анын айткандары «Азаттык».

Башка депутат Рыскелди Момбеков да отчётту сынга алды, себеп дегенде программа ишке кирген эки жылда «өкмөт 50 млрд сом чыгаша алып келген».

«Өкмөттүн 2019-жылдагы отчётун кабыл алсак бизди эл кабыл албайт. Эч кандай өсүш жок. “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” дедиңер эле, ишеним, биримдигиңер жок болду. Программаңар нөл болду», — деп эсептейт Момбеков. Анткен менен эл өкүлүнүн бул сыны парламентарийлердин көпчүлүгүнө эч кандай таасир эткен жок.

Абылгазиев өкмөттү 2018-жылдын апрелинде жетектеп баштаган. Ага чейин бул кызматты Сапар Исаков аркалаган, бирок анын өкмөтүнө депутаттар ишеним көрсөтпөө вотумун билдирип, отставкага кетиришкен.

Учурдагы премьер-министрдин өкмөт башчылыгында иштегенине эки жылдан ашып калды — ал бул кызматта өзүнө чейинки өкмөт жетекчилерине салыштырмалуу узактан бери кармалып отурат. Анын бул кызматта кармалып атканын учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясаты менен байланыштырышат. Ошол эле кезде өткөн эки жылда өкмөттүн курамы дээрлик толугу менен өзгөргөн.