Кыргызстанда коронавирустун жаңы 6 учуру катталды — жалпы 1117 учур

Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 16-майга карата коронавирустун жаңы 6 учуру катталганын маалымдады.

COVID-19ду жуктуруп алгандардын үчөөсү Бишкекте, Ош шаарында, Баткен жана Ош облустарында бирден адамда коронавирус аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1117ге жетти — анын 248и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 783 адам айыгып, он төрт бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 305 учур. Ош облусунда — 183, Ош шаарында — 119, Жалал-Абад облусунда — 153, Нарын облусунда — 163, Чүй облусунда — 156, Баткен облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда 13 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 320 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен алты бейтап оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2 146 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 5 228ди түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3334.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.