Обсервацияда медиктерге кол салуу болгон, бирок бригада кадимки тартипте иштеп жатат — ССМ

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 18-майда «Ганси» авиабазасындагы кол салуудан жабыркаган дарыгерлердин баары ишке киришкенин «Клоопко» айтып берди.

Тез жардам бригадасынын дарыгерлери үч ооруган адамды Улуттук фтизиатрия борборуна алып баруу үчүн мурдагы «Ганси» авиабазасына барышкан. Ал жакта обсервацияда жаткан кыргызстандыктар обсервацияда кармоонун шарттарына нааразы болуп, тез жардам бригадасына кол салышкан.

Тез жардам медицинасынын башкы врачы Искендер Шаяхметов «Спутникке» курган маегинде, адамдар медиктерге оорулууларды машинага салдырбай, айдоочуну кабинадан сууруп чыгып, тез жардам унаасын оодаруу үчүн ары-бери терметишкенин айтып берген.

«Кол салуу, машинаны талкалоо жана физикалык күч колдонуу коркунучу болду. Бригада бурулуп алып кайра кетти. Артынан таш ыргытып, айнеги жарака кетти. Айдоочуну бир нече жолу ичке чабышты, азыр анын ички органдарынын жаракаттарын алдын-алуу үчүн хирургиялык клиникага жөнөттүк. Тилекке каршы, медиктерибиз корголбой жатканын дагы бир жолу көрүп атабыз», — деп билдирген Шаяхметов.

Айдоочу ашказанынан туюк жаракат алганы аныкталган. Обсервациядагы медиктер 22-майга чейин штаттык режимде иштешет, андан соң аларды жаңы топ алмаштырат.

Обсервациядагы нааразылык

Соль-Илецктен алынып келинип обсервацияда болуп аткан 400дөн ашуун кыргызстандык аларды үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышкан. Алар талап коюуда өздөрү менен кошо келген коронавирус аныкталган жарандардын үй карантинине чыгарылганын жүйө кылышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында коронавирусу бар адамдар менен байланышта болгон 19 адам калтырылып, калгандары обсервациядан үй карантинине жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары 19-майда өткөн брифинде билдиргендей, коё берилген кыргызстандыктардын баарынын анализдери терс чыккан, алар үйлөрүнө жеткирилет.

Соль-Илецк — Казакстан менен чектеш жайгашкан Орусиянын Оренбург облусундагы шаар. Кыргызстанга өтүү үчүн Казакстан транспорттук коридор ачат деген маалымат пайда болгондон кийин аталган шаарга Орусиядагы кыргызстандыктар келе башташкан. Кыргызстандын бийлиги бул шаардан 500дөн ашуун адамды чыгарып кеткен, бирок ал жакта дагы ушунча адам калган. Учурда алар шаардын бийлиги куруп берген чатыр шаарчасында баш калкалоодо.

Кыргызстандын бийлиги 18-майда билдиргендей, ал жактагы кыргызстандыктардын бир бөлүгүн учак менен алып кетүүнү пландап жатышат.

19-майга карата маалымат боюнча, өлкөдө 1 243 коронавирус жуктуруу учуру катталган. Пандемия башталгандан бери аталган вирустан 14 адам көз жумду.