«Салам» радиосунун жетекчиси Улукбүбү Амирова мезгилсиз дүйнө салды

Улукбүбү Амирова. Сүрөт: «Салам Медианын» фейсбук баракчасынан алынды

Баткен шаарындагы «Салам» радиосунун жетекчиси, ЖМКга түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясынын мүчөсү Улукбүбү Амирова 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптештеринин айтымында, Амированын кан басымы көтөрүлүп, 18-майда ооруканада көз жумган.

«Чалкыган көлдөй кең пейил, ары эмгекчил, ары шайыр эжекебиз Улукбүбү Амирова мезгилсиз дүйнө салып, кабыргабыз кайышып, сай сөөгүбүз сыздап турат. Аттиң дүйнө... Артында канчалаган аягына чыга элек эмгектери, эки кызы жана уулу, жакындары, жумурай журт баары сумсайып кала берди. Орду толгус жоготуу», — деп эскеришет «Салам Медианын» жамааты.

Ошондой эле маркумдун кесиптештери жана жакындары социалдык тармактарда эскерип жатышат. Айрымдар «Баткендин булбулу» каза болду деп жазышууда. Журналист Марс Тулегенов Амирова алдыңкы жетекчи жана меймандос адам болгонун белгиледи.

«Баткенге барып калганда, "Кыргызстан Баткенден башталат. Биздин Баткенге кош келипсиңер, кесиптештер!" деп, күлүп жайнап, кучак жая тосуп алчу эле. Акыркы жылдагы Баткен өрөөнүндөгү радио тармагын бир нукка салып, медиа жаатта өнүгүү жолу кандай болоорун көрсөтүп далилдеген, аймактагы алдыңкы жетекчи журналисттердин бири эле. Баткендеги "Салам" радиосун акыркы жылда бутуна тургузуп, жекеле ошол аймакка эмес, бүтүндөй өлкөгө тааныта алды», — деп эскерет Тулегенов фейсбук баракчасында.

Амированын дагы бир кесиптеши, радио алып баруучу Уулкан Дүйшөева маркум регионалдык журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошуп, айрыкча Баткендеги ЖМКнын деңгээлин көтөрүүдө тынбай аракеттенип келди деп эскерет.

«Мындан 19 жыл мурун Баткенде эң алгачкы радиону ачып, коомчулукка жаңылык киргизип, элибиздин эсинде калгансыз. Кубулжуган мукам үнүңүз менен балалыкта баёо сезимимди багындырып, диджейлик кесиптин мыктылыгын өз иш билгилигиңиз менен көрсөтө алдыңыз. Сиздин сөз чеберчилигиңизден эргүү алып, сиз себептүү мен ушул тармакты тандаганым чындык», — деп жазды Дүйшөева фейсбуктагы баракчасында.

Амирова «Салам» радиосунун алып баруучусу жана редактору, IWPR уюмунун радиосунун Баткендеги кабарчысы, «Интерньюс» коомдук уюмунун «Асман» долбоорунун кабарчысы болуп эмгектенип келген. Өзүнүн эмгек жолунда президенттин Ардак грамотасына, «Курманжан Датка» төш белгисине жана «Алтын калем» дипломуна татыган. Анын артында эки кызы жана уулу калды.

«Клооптун» жамааты Амированын жакындарына, кесиптештерине кайгыруу менен көңүл айтат.