Ошто пенсионер 4 жашар кызга карата «ыплас аракеттерди жасоого» шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 65 жаштагы киши төрт жашар кызга карата «ыплас аракеттерди жасоого» шектелүүдө. Пенсионер айыптоолорду четке кагууда.

Кыздын апасы Дария «Клоопко» курган маегинде пенсионер 17-майда кызын «зордуктоого аракет жасаганын» билдирди. Анын айтымында, жолдошу аталган кишинин батирден шымданып чыгып баратканын көрүп калган. Ал эми кызы болсо жылаңач болгон.

«Үйгө келип карасам кызым шымы шыпырылып бурчта өңдөн азып отурган экен. Пенсионер болсо шымын шымдап жатыптыр, аны кара тер басып кетиптир», — деди атасы.

Окуя жубайлар иштеген унаа жуучу жайдагы батирде болгон. Алардын бала-чакасы ошол жакта ойноп олтурушкан. Ал эми жубайлар ал күнү жашаган үйүн оңдоп-түзөп жаткандыктан, усталарга боёк жеткирип берүүгө кетишкен.

«Үйгө кирсем бала бир нерсе уурдап алганда коркуп отуруп калат го, ошентип отуруп калыптыр. Кызым коркуп биринчи айтпады. Анан телефон берем десем эле ыйлап жиберди. “Апа, өзү шымымды чечип чочомду сыйпалады, кармады анан өзүнүн чочогун мага карматты” деди», — дейт кыздын апасы.

Ал шектүү киши үй-бүлө жашаган үйдүн «ижара акысын төлөөгө жардам берейин» деп келгенин билдирди. Анын ордуна «тосмо арыз жазууну суранып жатат» дейт.

«Карасаңыз ал ишин эми баштаганда жолдошум келип калыптыр. Балким жолдошум 2-3 мүнөт кеч келгенде бул иш мындан да жаман болмокпу дейм да. Азыр бизде адилеттүүлүк болбой жатат да. Кече мага эки жолу келип кетти. Көрүп алып эле баягыны эстеп кыйналып жатам», — деп айтты Дария.

Ал эми пенсионер журналисттерге берген интервьюсунда айыптоолорду четке каккан. Анын айтымында, аталган үй-бүлөнү бир нече жылдан бери тааныйт. Окуя болгон күнү кыз телефонун сурагандыктан ага берген. Аны кайра алып жатканда ыйлап жиберген. Ошол маалда кыздын атасы кирип барган.

«Зордуктагыдай “бул жак” деле жок өзү ачыгын эле айтып коеюн. 65ке чыкканда өзүң билесиң ал эмне экенин. Ал деген такыр болбогон нерсе. Түшкө кирбеген нерсе ал. Анын үстүнөн муздак суу менен көбүрөөк иштейт элем, “бул жак” иштебейт», — деген ал.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ыплас аракеттер» беренеси менен катталганын билдирди. Бул иште пенсионер учурда шектүү катары өтүүдө.

«Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалды. Ошонун жыйынтыгы менен шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат. Кыздын денесин сырттан кароо жүргүзгөндө кандайдыр бир далилдер табылган эмес», — деди Сыдыков.

Ал эми тергөөчү болсо журналисттерге экспертизалардын жыйынтыгы чыкканда, ошого жараша мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн билдирген.

Кыздын ата-энесинин айтымында, чүрпөсү учурда психологдун жардамына муктаж. «Клооптун» журналисттерине соцөнүгүү министри Улугбек Кочкоров аталган үй-бүлө психолог менен камсыз кылынаарын айтты.

Авторлошу: Зарина Маматжанова