Укук коргоочулар КЭУ тууралуу мыйзамга түзөтүүлөр карала турган күндү жылдырууну суранышты

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 22-майга белгиленген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (КЭУ)» мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу угуулардын күнүн жылдыруу өтүнүчү менен депутаттарга кайрылышты.

Жарандык активисттер жана укук коргоочулар уктурууларды жылдырууну ӨК режиминен улам талкууга бардык кызыктар тараптар, мисалы, регионалдык уюмдар катыша албай калат деген жүйөө менен негиздешти.

«Убактылуу жана техникалык чектөөлөрдүн айынан, ошондой эле катышуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу, көптөгөн эксперттерди, бейөкмөт сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен толук кандуу угууларды өткөрүү жана алардын эскертүүлөрүн онлайн режиминде угуу мүмкүн эмес», — деп жазышкан коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.

Ошондой эле алар парламентти уктурууларды дайындоодо регламентти бузган деп айыпташууда — «тармактык комитет уктурууларды документтин авторунун гана сунушу менен жарыялашы керек».

Кайрылуунун алдына өкмөттүк эмес мүнөздөгү 70 уюм кол койгон.

«Гражданское участие» уюмунун лидери Эркина Убышева «Клоопко» парламентке түзөтүүлөрдүн талкуусуна телефон аркылуу каттала албай калганын айтып берди.

Депутаттар буга чейин карантинди сактоо үчүн мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү онлайн режиминде талкуулоону сунушташкан. Бирок жарандык активисттер угуулар өз убагында болбогону үчүн бул сунушту сынга алышкан.

Жетекчилигинде Бактыбек Райымкулов турган Социалдык маселелер боюнча комитет КЭУлар каржы булактары тууралуу кошумча отчёт берүүгө милдеттүү болгон мыйзам долбоорун чыгарган.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сындаганына жана алардын мыйзам долбоорду чакыртып алуу боюнча талаптарына карабастан, аны 4-мартта биринчи окууда жактырышып, уктуруу процессин уланта беришкен.