Бишкекте дагы 4 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майдагы брифингде Бишкекте төрт медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталганын билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 270ке жетти — алардын 223ү өпкө илдетинен айыкты. Бир медицина кызматкери — Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган.

Медицина кызматкерлерине март айында жалпы 37 млн сомго жакын кун төлөнүп берилди. Өлкө боюнча март айында иштеген медиктердин жалпы саны — 6283.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1313кө жетти — жаңы 43 учур катталды. Алардын ичинен он төртү каза таап, 929 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.