«Чоң Казаттын» билдирүүлөрүндө мыйзамсыз аракеттерге чакыруу бар-жогу текшерилет

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 20-майда парламентте «Чоң Казаттын» билдирүүлөрүнө юридикалык баа берүү үчүн материалдар чогултулуп жатканын билдирди.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев «Клоопко» курган маегинде «Чоң Казат» кыймылы боюнча маалыматтарды так кесе кайсыл орган же ведомство чогултуп жатканын тактап айтып бербегени менен бул маселе боюнча «жакын арада расмий билдирүү чыгарылаарын» билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина «Электрондук башкаруу тууралуу» мыйзам долбоорунун уктуруусунда «Чоң Казаттын» лидерленин «мамчөнтөкчүлөрдүн жана аткезчилердин уурдагандарын тоноо» чакырыктары талкууланып жаткан мыйзамга туура же туура келбешин сурап кызыкты.

«Электрондук башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр согушту үгүттөөгө жана улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган маалымат жайылтууга тиешелүү.

Орозалиев жооп бергендей, учурда алардын билдирүүлөрүндө кылмыштын курамынын бар-жогун аныктоого экспертиза өткөрүш үчүн материалдар чогултулуп жатат.

30 аткаминердин мүлкүн мыйзамдуулукка текшерүүгө чакырган кыймылдын популярдуулугу боюнча депутаттар биринчи жолу чочулап жаткан жок.

Парламенттин 13-майдагы жыйынында кыймылдын ишмердиги тууралуу маселени депутаттар Руслан Казакбаев жана Тазабек Икрамов да көтөрүшкөн.

«Жада калса саясатчылардын да билдирүүлөрүн мынча адам окубайт. Азыр алар айылдарды кыдырып, аларды колдоого үндөп жатышат. Алардын билдирүүлөрү боюнча парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшере башташты», — деп билдирген Казакбаев.

ИИМ учурда кыймылдын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеевди текшерип жатат — ага карата арызды Куран кармап коррупционер эместигин айткан депутат Жумалиев берген.