Коррупция үчүн 14 жылга кесилген экс-прокурор мунапыс менен бошотулду

Экс-прокурор Кылычбек Арпачиевдин эркиндикке чыгарылганын парламенттин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. 100 миң доллар пара алганы үчүн 14 жылга кесилген прокурор камакта төрт жыл отуруп чыкты.

Арпачиев мунапыс менен эркиндикке чыгарылды, бирок ал коррупция боюнча соттолгондорго колдонулбайт. Бул үчүн мурда пара алып жаткан жеринен кармалган экс-прокурордун беренесин өзгөртүшкөн.

«Арпачиевдин “Коррупция” беренесин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренесине өзгөртүп, андан кийин мунапыс менен коё беришиптир», — деп билдирди Алтыбаева.

Башкы прокурор Жамшитов Арпачиевдин беренесинин квалификациясын сот өзгөрткөнүн ырастап берди. Анткен менен ал 2016-жылы дагы кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары, экс-аткаминердин мөөнөтү өткөн жылы төрт жылга кыскарган.

Арпачиевдин иши

Арпачиев 2015-жылы УКМКнын АКСи тарабынан кармалган. Ал кабинетинде 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Мурдагы прокурорго каршы иш жеке ишкердин УКМКга кайрылуусунан кийин козголгон. Ишкер кайрылуусунда башкы тергөөчүнү кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар опузалап талап кылган деп айыптаган.

2016-жылы Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин күнөөлүү деп тапкан.

Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 304 жана 313-беренелери боюнча, тагыраагы — «Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» жана «Опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья Арпачиевдин мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыраткан.

2019-жылы февралда, ЖАМКтын маалыматы боюнча, Бишкек шаардык соту Арпачиевдин абак мөөнөтүн төрт жылга кыскартып, андан кийин ал Беловодсктогу жатак абагына которулган. ТИЗОдогу бир жылды эске алуу менен Арпачиевдин абак мөөнөтү 2023-жылы аякташы керек болчу.