Өлкөгө Оренбургдан 164 кыргызстандык кайтып келди

Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 20-май күнү Орусиянын Оренбург шаарынан 164 кыргызстандык кайтып келгенин маалымдады. Аларды Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунда тосуп алышты.

Мекенине кайткан бардык кыргызстандыктар обсервацияга алынат.

Тышкы иштер министрлиги 18-майда Оренбург — Бишкек чартердик каттамы уюштурулаарын билдирген. Ал эми ушул ай ичи Кыргызстанга 1000 кыргыз жаранын кайтаруу күтүлүүдө.

Ошондой эле Казакстандын бийлиги Орусиядагы кыргыз жарандарын өзүнүн аймагы аркылуу өткөрүүгө макул болгон. Учурда Бузулук районундагы кыргызстандыктар талаада жашоого аргасыз. Облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмгек мигранттары үчүн чатыр жана төшөнчүлөрдү алып келип берген. Элчи Аликбек Жекшенкулов «Азаттык» үналгысына курган маегинде Бузулуктагы кыргыз жарандарын алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган.

ТИМдин 12-майда берген маалыматына ылайык, дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8712 кыргызстандык мекенине кайтууга жардам сураган.