Ошко Өзбекстандан 200 миң доллардан ашуун каражатты түзгөн гуманитардык жардам келди

Ош шаарына 20-майда Өзбекстандан экинчи гуманитардык жардам келди. Аны Кыргызстандын коңшу өлкөдөгү элчиси Ибрагим Жунусов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге тапшырды.

Жунусов гумжардам Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёевдин демилгеси менен келгенин айтты. «Азыр 3 фурадан турган 280 миң долларлык жардам келди [...] Бул деген эки элдин достугун дагы бекемдөө болуп эсептелет», — деди Жунусов.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы гуманитардык жардам катары медициналык каражаттар келгенин маалымдады. Бирок жардамдын жалпы суммасы 248 миң долларды түзгөнүн билдиришти.

«440 даана медициналык керебет, 1000 даана электрондук пирометр, 2500 даана медициналык коргоо костюмдары, 150 000 даана медициналык мээлейлер, ошондой эле 150 000 даана медициналык бет каптар келди», — деп жазылат маалыматта.

«Клооптун» кабарчысы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбековага гуманитардык жардамдын суммасы тууралуу тактоо үчүн байланышты. Кадырбекованын айтымында, элчи Жунусов маалымат таратууда адашып калган.

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Өзбекстандан Кыргызстанга поезд аркылуу гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуучу кийим, 200 даана респиратор, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест келген.

Кыгызстан 11-майда Өзбекстандагы «Сардобин» суу сактагычында дамбанын жарылышынан улам жабыр тарткандар үчүн 100 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майын гуманитардык жардам катары жөнөткөн. Аталган кырсык 1-майда орун алып анда төрт адам каза тапкан жана бир адам дайынсыз жоголгон. Ошондой эле дамба жайгашкан Сырдарыя облусунан 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган.