Видео: Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунун алдына чогулган эл аралыкты сактаган жок

«Клооптун» редакциясына Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунун алдына 100дөн ашуун адам чогулганы тартылган тасма жиберишти. Тасмадан чогулган элдин арасынан формачан кызматкерлерди да көрүүгө болот. Милиционерлер беткапты талаптагыдай такпай, аралыктын сакталышын камсыз кыла алышкан эмес. Ошондой эле тасмадан чогулган эл кезек талашып, түртүшүп атканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, Калкты тейлөө борбору 21-майдан баштап иштей баштаган. Мындан улам мекеменин кызматынан пайдаланууну каалагандар көбөйгөнүн айтты.

«Биздин кызматкерлерибиз имараттын ичине кезек менен киргизүүнү камсыздап жатышат. Учурда сыртта кезекте тургандарды да аралыкты сактап туруусун камсыздагыла деген кабар берилди», — деди Сыдыков.

Коронавируска байланыштуу Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондоруна 25-марттан өзгөчө абал тартиби киргизилген. 11-майда өзгөчө абал тартиби алынып, бирок өзгөчө кырдаал жана карантин режими сакталып калды.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу» беренесине ылайык талаптарды аткарбаган жарандар айыппулга жыгылып же 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.

Ал эми көчөгө чыгууда сөзсүз беткап жана колкап тагынуу керек. Мындай талаптарды аткарбаган жарандар 5 миңден баштап 60 миңге чейин айыппул же 40 саатка чейин комдук жумуштарга тартуу каралган. Карантиндик режимди аткарбай оору жуктуруп же башкаларга атайын же билбей жуктурган учурда деле, жарандар Жазык кодексинин 280-беренесине ылайык 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.