Чет өлкөдө 154 кыргызстандыкта COVID-19 аныкталды. Алардын бирөөсү Индияда каза тапты

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын арасында COVID-19 жуктуруунун 154 учуру катталганын билдирди.

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын көбү Орусияда катталган — 105 адам. Пакистанда — 22, БАЭде — 7, Малайзияда — 3, Индияда — 7, Казакстанда — 5 жана Испания, АКШ, Өзбекстан, Греция, Италия өлкөлөрүндө бирден кыргызстандык инфекция жуктуруп алган.

ТИМдин маалыматына ылайык, Индияда ооруп калган Кыргызстандык жарандын бири каза тапкан, дагы 30дан ашууну — карантин талаптарын бузганы үчүн кармалган.

Индиянын ЖМКлары март айында Бихар штатындагы мечиттердин биринде жашынып жүргөн 10 кыргызстандык кармалып, коронавируска текшерүүгө жөнөтүлүшкөнүн кабарлашкан.

22-майга карата республика боюнча вирус жуктуруунун 37 жаңы учуру катталган, өлкө боюнча алардын жалпы саны — 1350 учур.