Ош шаарында коомдук транспорт 25-майдан баштап ишке кирет

Сүрөт: Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы 

Ош шаарында 25-майдан тартып 20 троллейбус жана 12 автобус жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Ошондой эле ар бир коомдук унаага 30-35ге чейин гана жүргүнчү түшө алат.

Шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаровдун айтымында, жүргүнчүлөрдүн санына карап транспорттун саны көбөйүп же азайышы мүмкүн.

«Троллейбуста 27, ал эми автобуста 26 отургуч бар. Ар бир жүргүнчү шахмат түрүндө отурушу керек жана жүргүнчүлөрдүн ортосунда 1,5 метр аралык сакталышы зарыл. Социалдык аралыкты туруп бараткан жүргүнчүлөр да сакташы керек. Бул боюнча түшүндүрмө кагаздарын ар бир унаанын кире беришине жана отургучтарына чаптап чыктык», — деди Капаров.

Ошондой эле Капаровдун айтымында, ар бир транспорт күнүнө үч жолу залалсыздандырылат жана кармагычтар хлорлонгон бинттер менен оролот. Жүргүнчүлөр автобуска айдоочу тараптагы эшиктен чыгып жана түшөөрдө экинчи эшикти пайдалануусу керектигин кошумчалады.

Жол акысын тургундар автобуска чыгаарда бериши керек. Мындан сырткары жүргүнчүлөргө унаага чыгаарда айдоочунун жанында турган антисептикти колдоруна чачып, беткап менен чыгуусу сунушталат.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» учурда маршруттук кичи автобустарды ишке киргизүү кооптуу экендигин билдирди. Анын айтымында, маршруткаларда социалдык аралыкты сактоо татаал болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле кичи автобустар каттай баштаса элдин көбөйүп кетиши ыктымал дейт.

Коронавируска байланыштуу калаадагы коомдук транспорттордун ишмердүүлүгү 20-марттан баштап токтотулган. Ош шаарында жалпы 28 троллейбус жана 54 автобус бар.