Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1433кө жетти — жаңы 30 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 25-майга карата коронавирустун жаңы 30 учуру катталганын маалымдады — алардын бешөөсү медкызматкер.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 17си Бишкек шаарында — алардын ичинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген сегиз жаран да бар. Ошондой эле Нарын облусунда беш, Ош шаарында үч, Жалал-Абад облусунда эки, Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам коронавируска чалдыкты.

Жаңы катталган учурлардын он экиси чет өлкөлөрдөн келген жарандардан аныкталды. Орусиядан он бир жана Өзбекстандан келген бир жарандан COVID-19 табылды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1433кө жетти — анын 280и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 992 адам айыгып, он алты бейтап каза болду. Илдеттен көз жумгандардын арасында парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев да болгон.

COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 401, алардын ичинде Орусиядан келген 36 кыргызстандык да бар. Ош облусунда — 207, Ош шаарында — 135, Жалал-Абад облусунда — 159, Нарын облусунда — 272, Чүй облусунда — 218, алардын 108и Соль-Илецктен келген жарандар, Баткен облусунда — 27, Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 425 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 12си бейтап оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2 307 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6 841ди түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 1 294.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.