УКМК Атамбаевдин ден соолугунун абалын жашырып жатат — адвокат Жоошев

Адвокат Замир Жоошев УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сутка ичинде мониторинг жүргүзүлүп жаткан артериалдык кан басымынын жыйынтыктарын бербей жатканын билдирди.

«Ошондуктан бизде сот да, коомчулук да биз аркылуу анын жыл башынан бери артериалдык кан басымы өтө төмөн болуп аткандыгын билбей калышы үчүн ошол мониторингдин жыйынтыктарын жашырып жатышат деген шектер пайда болду», — деди Жоошев «Клоопко».

Мурдараак, Атамбаевдин дагы бир адвокаты Сергей Слесарёв кардарын текшерүү үчүн бир нече жолу врачтарды чакырууну өтүнгөнүн билдирген.

«Саламаттык сактоо министрлиги корутунду берсин. Эгер Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу сак жана коркунуч жок болсо — макул, а эгер ал оорулуу болсо, анда эмнеге аны дарылоодон баш тартып жатышат?» — деп суроо салган Слесарёв.

УКМКнын басма сөз кызматы мурдагы президент медкароого муктаж эместигин, Атамбаев күнү-түнү врачтардын байкоосунда болуп, ден соолугуна даттанбаганын биринчи эле жолу билдирип жаткан жок.

Ошондой эле Замиш Жоошев УКМКнын медкызматындагы адистердин объективдүүлүгүнө байланыштуу да күмөндөр бар экенин айтты.

«Биз башка, көз карандысыз дарыгерлерди чакырууну суранганбыз, бирок алар, биздин оюбузча, анын ден соолугунун абалы боюнча объективдүү баа бере албаган врачтарды гана чакырып жатышат», — деп айтып берди Жоошев.

22-майда мудагы президенттин уулу Сеид Атамбаев атасынын абалы үй-бүлөсү менен жолугушуу учурунда дароо начарлап кеткенин кабарлаган. Бул Атамбаевдин абала начар болуп аткандыгы тууралуу биринчи жолку эле кабар эмес. Ал кан басымына даттанып Кой-Таш окуясы боюнча эки сот отурумуна катышпай калган.

Кой-Таштагы окуя же Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнүндө, 7-августта, Атамбаевдин тарапкерлери ал жакта атайын операция жүргүзүп аткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алган.

Атамбаев камалгандан кийин бийлик «Массалык башаламандыкты уютуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон. Мурдагы президент бул иштер боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.