Баткенде баасы 1 млн сомдон ашуун аткезчилик жүк кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы Баткенде бажы кызматкерлери тарабынан баасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн контрабандалык жүк кармалганын билдирди

Пресс релизге ылайык, кыргызстандыктын башкаруусундагы оор жүк ташуучу унаада чектеш мамлекеттен ташылып келе жаткан 19 миң килограммга жакын өрүк болгон. Бирок так кайсы өлкөдөн ташылганы жазылган эмес.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө үчүн тийиштүү бөлүмдөргө өткөрүлүп берилди.

Бул Баткенде кармалган биринчи аткез жүк эмес — буга чейин Тажикстандан мыйзамсыз алып өтүлгөн кургатылган мөмө жемиштер менен эки тажик жараны жана Баткендин тургуну кармалган. Коңшу өлкөнүн жарандары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, «Аткезчилик» жана «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейин Баткенде аткезчиликтин жалпы 22 учуру катталганын маалымдаган. Ал эми Баткен бажысы тарабынан аткезчилик боюнча 42 бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталган.