Жалал-Абад облусунда акча опузалоо үчүн УКТнын эки мүчөсү кармалды. Сот аларды үй камагына чыгарды

Видео: Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 22-майда Базар-Коргон районунун тургунунан системалуу түрдө акча опузалоого шектелген эки жаран кармалды. Милициянын версия боюнча, шектүүлөр тургундан 300 миң сомдон ашуун акча алышкан.

Шектүүлөрдүн тек-жайы такталгандан кийин алар уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү жана Базар-Коргон райондунун тургундары экени аныкталган.

Шектүүлөр ИИБдин ыкчам маалыматы боюнча кармалышкан. Ал маалыматта 22-майда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында кримтөбөлдөрдүн «жыйыны» болушу керек жана ал жакка эки шектүү тең келет деп айтылган.

Шектүүлөр кармалгандан кийин эки күн өткөн соң Жалал-Абад шаардык соту УКТнын эки мүчөсүн үй камагына коё берүү чечимин кабыл алган. «Опузалоо» иши боюнча тергөө уланып жатат.

Аталгандар менен кошо УКТнын дагы 9 мүчөсү кармалып, тек-жайлары такталгандан кийин алар да үй камагына коё берилген.