Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1500ден ашты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-майдагы брифингде өлкөдө коронавирустун жаңы 52 учуру катталганын маалымдады. Өпкө илдетине чалдыккандардын арасында 12 медкызматкер бар.

Жаңы учурлардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 17 учур. Чүй облусунда коронавирус 11 адамда аныкталды, алардын сегизи Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген. Бишкек шаарында да COVID-19дун 11 учуру катталды — алардын ичинде беш медкызматкер жана Санкт-Петербургдан келген эки жаран бар. Ош облусунда жалпы жаңы 9 учур катталды — алардын жетөөсү медкызматкер. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда үч жана Баткен облусунда бир бейтап коронаивируска чалдыкты.

Кыргызстан боюнча коронавирустун жалпы 1520 учуру катталды — анын 299у медкызматкер. COVID-19дан 1043 адам айыгып, он алты бейтап каза болду.

Коронавирустун эң көп катталган учурлар боюнча Бишкек шаары турат, борбор калаада жалпы 428 адам илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат — 297 учур. Чүй облусунда — 236, Ош облусунда — 213, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 142, Баткен облусунда — 28 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 461 адам дарыланып жатат. Стационарда дарыланып жаткандардын ичинде төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө калууда. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2 835 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7 054 адамды түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3706.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.