Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 16га жетти

Иллюстративдик сүрөт.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 25-майда кабарлады.

Көз жумгандардын бири Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев — ал 70 жашта болгон. Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан. Республикалык штабтан кабарлашкандай, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

Экинчи каза болгон бейтап Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө дарыланып жаткан — ал 67 жашта болгон.

Ушуну менен коронавирустан улам каза болгон бейтаптардын саны 16га жетти — алардын ичинде бир медкызматкер да бар.

COVID-19дан көз жумгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталган — беш бейтап. Ошондой эле Ош облусу боюнча коронавирус жуктурган беш жаран каза болгон — алардын үчөөсү Ноокат районунда, экөө Ош шаарында жана бир адам Кара-Суу районунда. Чүй облусу боюнча үч бейтап каза болгон. Ал эми Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден жаран көз жумган.