Сузакта кыздын ата-энесинин макулдугун ала албаган тургун өзүн өрттөп каза болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну 25-майда өзүнө күйүүчү май чачып, өрттөнүп кетти. Ал алган жаракатынан улам ошол эле күнү каза болду.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум Сузак районундагы айылдардын бирине сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнүү үчүн ата-энесинин макулдугун сураганы барган. Бирок кыздын атасы макулдугун бербей койгон соң ал өзүнө бензин чачып өрт койгон.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, өз өмүрүнө кол салган тургундун денесинин 98%ы күйүп кеткен. Маркум менен кошо ооруканага 50 жаштагы кыздын атасы да түшкөн — анын денеси 35%га күйгөн.

«Жаран өзүнө бензин куюп өрттөп жатканда, жанында үйдүн ээси да болуп ал да жабыркаган», — деди Жээнтаев.

Бул окуя Сузак районунун милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталды.