Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1594кө жетти — жаңы 74 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабдан 28-майда өлкөдө дагы 74 адамдан коронавирус табылганын маалымдашты — алардын ичинде 27 медкызматкер бар.

Ош шаарында 35, Ош облусунда төрт, Нарын облусунда 13, Бишкек шаарында 11, Чүй облусунда 11 — анын ону Орусиядан келген жаран — учур катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 1594кө жетти — анын 326сы медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1066 адам айыгып, он алты бейтап каза болду.

COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 449. Нарында илдет кескин жайылып учурда облус бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат — 310 учур. Чүй облусунда — 237, Ош облусунда — 217, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 177, Баткен облусунда — 28 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 512 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 12 бейтап оор абалда — алты бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2648 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7184 түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2338.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.