Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери жумуштан бошотулду

Республикалык штаб 28-майда Нарын облустук ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов дайындалганын маалымдады.

Облустук оорукананын буга чейинки директору Айбек Койчуманов кызматынан бошотулду. Мурдараак өкмөт облустун жана облустук оорукананын жетекчилигин коронавируска каршы күрөш начар болуп аткандыгы үчүн сынга алган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен Нарын облустук ҮМБнын директору Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарымдары алынды.

Эми өкмөттүн өзгөчө буйругу чыкканга чейин буга Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жооп берет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Асизовго «коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш жетишээрлик жүргүзүлбөй жатканы үчүн» сөгүш жарыялап, ал эми социалдык блокту тескеген орун басарын ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов облустагы коронавирус кырдаалы «жетишсиз иштин, зарыл болгон ыкчам чечимдерди өз убагында кабыл албоонун, жагдайга карата талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунан» улам болуп жатат деп билдирген.

Нарын облусундагы коронавирус кырдаалы

Нарын облусундагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ал жакта аймакта жашаган калктын санына карата жуктургандар менен байланышта болгондордун саны эң эле көп болуп атканы катталган.

28-майга карата Нарын облусунда коронавирус жуктуруунун 310 учуру катталды.

Буга чейин облуста 22 кош бойлуу же жаңы төрөгөн аялдар Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн кетип калууга аракет кылышкан окуя жүз берген.

Алар өз ден соолугуна кооптонушкан, себеп дегенде мурдараак облуста жаңы төрөгөн сегиз аял коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Жыйынтыгында, төрөт үйүндө обсервацияга алынган 22 кош бойлуу же жаңы көз жарган аялдардын ичинен 15инде коронавирус табылган.

Ошондой эле Нарын шаарынын биринчи вице-мэри да коронавирус жуктуруп алган. Мэриянын имараты дезинфекцияланып, үч күнгө жабылган.

Кыргызстанда 28-майга карата 1594 коронавируска чалдыккан адам катталган, алардын ичинен 512 адам ооруканаларда дарыланууда. Жалпысынан өлкө боюнча 1 066 бейтап айыккан жана 16 адам каза тапкан.