Ош шаарында коронавирустун жаңы 35 учуру катталды

Ош шаары. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Клооп

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбоот Үсөнбаев 28-майда Ош шаарында 35 адамдан коронавирус табылганын билдирди. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 15 медицина кызматкери бар.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, жаңы учурлардын бардыгы обсервацияга алынган тургундардын арасында чыккан.

Калаада 25-майдан тарта коомдук транспорт — троллейбус жана автобустар — жүргүнчүлөрдү ташып баштаган. Эреже боюнча унаага эң көп 35 жүргүнчү гана түшө алат. Бирок бул талаптарды көпчүлүк айдоочулар сактабай келишет. Жүргүнчүлөр арасында социалдык аралык да сакталбай жатат.

Жалпысынан Ош шаарында коронавирустун 177 учуру катталды. Анын ичинен 2 бейтап каза болуп, 112 адам айыкты.