Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада Жеңиш парадына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат.

«Кыргыз Республикасынын президенти 24-июнда Улуу ата мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына арналган Москвадагы Жеңиш парадына катышат», — деп келтирет ТАСС президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айткандарын.

Кыргызстанда Жеңиш күнүнө карата парад ӨА режими жана коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам өтпөй калган. Бирок Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 9-май күнү Жеңиш аянтында кечки салют уюштурган.

Ошондой эле «Өлбөс полктун» жүрүшү да токтотулуп, ал онлайн өткөрүлгөн.

Орусияда да Жеңиш күнүнө карата парад коронавируска байланыштуу жагдай оор болуп аткандыктан жылдырылган. Орусиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парадын 24-июнда өткөрүүнү тапшырган.