Тажикстан чек арада окту кыргызстандык чыгарган деди. Кыргыз тарап муну четке какты

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы тажик тараптын 27-майда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын айлынын тургунун көздөй окту кыргызстандык чыгарган деген маалыматын четке какты. Эки мамлекеттин өкүлдөрү чек арада орун алган окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүп жатышат.

Эмне болду?

Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери ЖМКларга Кыргызстандын жараны тажикстандык аялга карата ок чыгарып, натыйжада аял жарадар болгон деген маалымат таратты.

«27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атып, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөн», — деп жазат «Азаттык» Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз борборунун маалыматына таянып.

Ушул эле билдирүүдө тажик тарап кыргызстандыктын аракеттерин «чагымчыл» деп атап, «чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети» деп сыпаттаган.

«Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал», — деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын чек ара кызматынын реакциясы

Ошол эле күнү, 27-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Жака-Өрүк аймагында Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү окуянын бардык жайгдайлары менен чоо-жайын аныктоо үчүн тажик тарап менен жулугушушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн өкүлдөрү тең «бул маалымат боюнча объективдүү териштирүү жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен».

«ЖМКда “Тажикстандын жаранына куралдан окту Кыргызстандын жараны чыгарган делип” таратылып аткан билдирүү, алдын ала маалыматтар боюнча, чындыкка коошпойт», — деп билдирет Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз борбору.

Бул окуянын фигуранты болуп аткан кыргызстандык Саатбек Бактыбаев Тажикстандын жаранына карата ок атуу боюнча тажик тараптын айыптоолорун четке какты.

Ал «Азаттыкка» курган маегинде түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар

Ушул айда эле кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу куралды колдонуу менен эки окуя болду.

23-майда Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагында ок атылган. Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес деп маалымдаган. Тажикстандын бийлиги алардын бир чек ара кызматкери октон жарадар болгонун билдирген.

Дагы бир жаңжал 8-майда болгон. Ага такталбаган жер тилкесин талашуу себеп болгон.

Натыйжада Кыргызстандын үч чек ара аскери жарадар болгон, алардын ичинен бирөөсү өтө оор абалда жана ал чет өлкөдө операцияга муктаж. Ошондой эле дагы бир жергиликтүү жаран жеңил жарадар болгон.

Тажикстан тарап алар жактан эки адам — аскер кызматкери жана тургун — жарадар болгонун кабарлаган.