Кыргыз-тажик чек арасында жайыт маселесинен улам жаңжал чыгып, ок атылды

Баткен облусу. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 24-май күнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атылганын кабарлады. Мекемеден кыргыз чек арачылары жаракат алышпаганын билдиришти. Тажикстандын бийлиги жаңжалда тажик аскерине ок тийгенин маалымдады.

Кыргыз тараптын версиясы

Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Тажикстандын «Ворух» анклавынын тургундары 23-майдан баштап Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагына бир нече жолу мал жаюуга аракет жасашкан. Бул көрүнүшкө тажик чек арачылары күбө болгонуна карабастан эч кандай аракет жасашкан эмес.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик жарандарына бул аракеттер мыйзамсыз экендигин эскерткенде, Тажикстандын аскер кызматкерлери кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарган.

«Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлери эки сутка бою Кыргызстандын аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн жана “Ворух” анклавынын тиешелүү тургундарына карата эч кандай чара көрүшкөн эмес», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» окуядан бир саат өткөндөн кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин абал турукташканын билдирди.

Чек ара кызматынан эки тарап чыр-чатактын келип чыкканы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат деп кошумчалашты.

Тажик тараптын версиясы

«Озоди» басылмасы 24-майда Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алып, анда Тажикстандын бир чек ара кызматкери жаракат алганын маалымдады. Ошондой эле аталган басылма Тажикстандын УКМКсына таянып, Кыргызстандын малчылары коңшу өлкөнүн аймагына кирип, «Пули Офтобруя» жергесинин тургундары менен жаңжалдашканын кабарлайт. «Пули Офторбруя» аймагы Кыргызстандын Чичилик аймагы менен чектеш жайгашкан.

Маалыматка ылайык, «Пули Офтобруя» жергесинин тургундары кыргыз малчыларынан алардын жеринен чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Эки тараптын макулдашууларынын негизинде иш алпаруунун ордуна Кыргызстандын чек ара кызматы кошумча күчтөрдү жөнөткөн деп кабарланат.

«Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз чек арачылары “Пули Офтобруянын” куралсыз тургундарына ок чыгарышкан. Анын натыйжасында 2001-жылы туулган жоокер Давлатёр Зоировдун бутуна ок тийген», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын чек ара кызматы буга жооп кылып акыркы убакта «тажик тарап кыргыз-тажик чек арадагы абалды атайын курчутуп жатат» деп билдирүү таратты. Ошондой эле чек арадагы жагдайды «жасалма дестабилдештирүү» тажик тарапка пайдалуу болуп жатканы айтылат.

«Чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин пресс-борборунун ЖМКларда жарыяланган билдирүүсүн таңдануу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн чагымчылдык кылышына алып келээрин тажик тарап түшүнүшү керек», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Май айындагы экинчи жаңжал

Бул май айында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен коштолгон экинчи жаңжал. Эки жума мурун кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжал Баткен облусундагы Чек аймагында орун алган. Буга такталбаган аймактагы жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы талашка түшкөн жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн билдирген.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, эки мамлекеттин жарандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканда, Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүз жерден кыргыз аскерлери менен жарандарын көздөй миномёттордон ок чыгарышкан. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысына ок тийип жана бир жаран тургун жарадар болду.

Жоокерлердин бири Мирбек Султанбек уулуна учурда Орусиянын Москва шаарында операция жасоо зарылдыгы айтылганы менен Саламаттык сактоо министрлигинен чек арачынын абалын эске алганда аны башка өлкөгө которууга болбостугун айтышты.

Мындан сырткары аталган жаңжалда Баткен районунун Көк-Таш айылында жашаган Мажитовдордун жаңы салынган турак жайы өрттөлгөн. Өкмөт жана боорукер адамдар берген каражаттын эсебинен үйдү жаңыдан куруу иштери башталды.

Тажикстандын бийлиги окту биринчи кыргыз чек арачылары чыгарган деп жооп кылган. Ошондой эле талашка түшкөн жер тажик тарапка караштуу деп маалымдашкан. Натыйжада эки тажикстандык жарадар болгону белгилүү болгон — алардын бири аскер кызматкери.