УКМК блогер Автандил Жоробековго карата кылмыш ишин токтотту

Блогер Автандил Жоробеков фейсбук барагында УКМКдан келген каттын сүрөтүн жарыялады. Анда ага карата кылмыш иши токтотулганы айтылат. Блогерди өзү ээлик кылган «БеспределKG» паблигинде «аймак аралык кастыкты козутууга» айыпташкан.

«Бул кылмыш иши силердин колдооңөр болбогондо такыр башка нукка бурулуп кетээри анык эле. Эмнеге мен мындай айтып жатам? Мен айтпай эле коёюн мага биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү», — деп жазат Жоробеков.

Ошондой эле блогер «элди коркутуп-үркүтүү жана куугунтуктоо менен башкаргысы келгендерге каршы күрөшүүнү» улантарын көздөп жатканын айткан.

Жоробеков 2019-жылы 24-ноябрда кармалып, 12 күнгө УКМКнын ТИЗОсуна киргзилген. Декабрдын башында ал үй камагына коё берилген.

УКМК аны пабликтеги посту соцтармактардын колдонуучуларынын агрессивдүү маанайдагы комментарийлерин жаратканы үчүн «аймактар аралык кастыкты козутууга» айыптаган.

«[Жоробековдун посттору] колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — деп билдирген УКМК.

Мамкомитет Жоробеков Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар тууралуу посттор үчүн кармалганын билдирген. Бирок Биринчи май райондун сотунун токтомунда башка маалымат көрсөтүлгөн. Ал «Хабибула жана Соке Райымды чыгарып кетишти!» деп аталат.

Токтомдо айтылгандай, ведомство постто «мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштын катышуучусу болуп эсептелет делген чагым жана көзкөөрүнө жалган маалыматтарды» көргөн.