Жалал-Абадда депуттатын бир тууганына белгисиз эки адам ок атып изин жашырды

Материал 29-майда 10:49да жаңыртылды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаардык милициясына 26-майда 43 жаштагы тургун ок атуучу куралдан жаракат алып ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымдалган. Жабырлануучу — шаардык кеңештин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы Сапарали Аканов экендиги аныкталды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, депутаттын бир тууганына маркасы белгисиз травматикалык куралдан жамбашына эки жана бутуна үч жолу желим ок атылган.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөндө желим октор табылды. Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде болжол менен саат 22:00 чамасында жабырлануучуга бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы эки бала ок чыгарып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен», — деди Жээнтаев.

Облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов Акановдун учурдагы абалы «орто» деп бааланып жатканын «Тoday.kg» басылмасына маалымдаган.

«Травматология бөлүмүнө алынып келингенден кийин кезметтеги дарыгер жабырлануучунун арка жагынан бир окту чыгарып алган. Калган октор кайып өтүп кеткен», — деген Тайланов.

Кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Нурбек Аканов «Республика» партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. Ошондой эле 2013-жылы Казанда өткөрүлгөн Бүткөл дүйнөлүк универсиаданын көчмөндөр оюнунун алыш күрөшү боюнча чемпиону.

Эки адамды өлтүрүүгө шектелүү

ЖМКда жана криминалдык маалыматтарда Сапарали Акановдун ысымы 2005 жана 2011-жылдары да аталган. Аны Ош шаардык милициясынан тастыкташты.

2005-жылы Аканов Ош шаарындагы «Алай» мейманканасынын алдындагы атышууга катышкан, бирок аны милиция кармай алган эмес. Ошол кездеги генпрокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусуна дал ушул окуя себеп болгон.

Ал эми 2011-жылы ИИМ министринин ошол кездеги орун басары Мелис Турганбаев Кара-Суудагы «Туратали» базарынын башчысы Абдалим Жунусовду жана анын айдоочусу Санжарбек Жайлообаевди өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин бети ачылгандыгын кабарлаган. Бул кылымыш ишинде шектүү катары 34 жаштагы Сапарали Акановду аташкан.

Милициядан Акановдy «күнөөлү» деп табылып-табылбагандыгы жана ага карата кандай өкүм чыгарылгандыгы тууралуу так маалымат бере алышкан жок. Биз архивден маалымат алуу үчүн сурамкат жөнөттүк.

Бирок 2015-жылы «Саясат» басылмасы ИИМдин маалыматына таянып, Аканов Жунусовду өлтүрүү боюнча соттолгондугун жана ага карата мажбур психиатриялык дарылануу дайындалгандыгын маалымдаган.

Ошентсе да Аканов эркиндикке коё берилген, анткени 2014-жылы Каримов дегенди сабап, анын алтын казуучу жер үлүшүнөн алтын кенин ала баштаган. Мыйзамсыз алтын казуу боюнча да кылмыш иши козголгон. Ал эми 2015-жылы милиция аны ээнбаштык үчүн кармап, бирок ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле аталган басылма Акановду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишенимдүү адамы деп белгилеген.