Алайда инспекторду сүзүп качып кеткен чек арачы үй камагына чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош облусунун Алай районунун Таш-Коро айылындагы санитардык-карантиндик постто турган жол тескөөчүнү чек ара кызматкери 26-майда унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, инспекторлор анын дене табын текшерүү учурунда аскер кызматкеринин ичип алганы байкалган. Жол кайгуул кызматкерлери аны наркологиялык бөлүмгө баруусун өтүнүшкөндө, ал постто тургандар менен уруша кеткен.

«Унаасын айдап качууга аракеттенип жаткан айдоочуну жол кайгуул кызматкери унаанын алдына өтүп тоскондо, ал инспектордун бутун тебелеп изин жашырган. Жабырлануучу учурда Алай райондук ооруканасында дарыланып жатат», — деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы.

Аширбаев качып кеткен аскер кызматкеринин унаасы ошол эле түнү аталган райондун борбордук базарынан табылып, ал эми айдоочу эртеси кармалганын белгиледи. Ошондой эле, дайындалган эскпертиза чек арачынын ичимдик ичкенин тастыктаганын кошумчалады.

Окуя КЖБРге «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата бейбаштык» беренеси менен катталды. Ошондой эле, Аширбаев 28-майда сот чек арачыны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алгандыгын айтты.

Буга чейин Ош шаарындагы борбордук көчөлөрүнүн биринде «Нур» телеканалынын журналисти Жылдыз Бекбаева менен патрулдук милициянын ортосунда чыр чыгып, инспектордун унааны токтотуу аракетине карабай журналист аны 5-6 метр жерге сүйрөп баргандыгы маалымдалган. Көп өтпөй инспектор тосмо арыз жазып, журналист «жол белгилерине баш ийбөө» беренесинин негизинде 1000 сом айыппулга жыгылган.

Ошондой эле, 27-мартта Ош шаарында жол кайгуул кызматкеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөгөн айдоочуга «Бийлик өкүлүн коркутуу жана ага карата зомбулук» беренеси менен иш козголгон. Айдоочуну токтотуу үчүн инспектор абага табелдик куралдан ок атууга мажбур болгон. Ал эми айдоочу өзүнүн мыйзамга баш ийбегендигин шашып бара жаткандыгы менен түшүндүргөн.