Ошко 30-майда Екатеринбургдан чартердик каттам уюштурулат — ТИМ

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарына 30-майда Орусиянын Екатеринбург шаарынан «Урал аба жолдору» чартердик каттамы менен кыргызстандыктар алып келинээрин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Пресс-релизге ылайык, уюштурулуучу каттам менен оорулуу, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар кайтып келишет.

Ошондой эле аталган авиакомпаниядан Екатеринбург — Ош багытында мурда билет сатып алып, кете албай калган жарандар да кошулат. Алардын тизмеси Урал аймагындагы кыргызстандык диаспоралар тарабынан түзүлүүдө.

Министрлик билдиргендей, учурда Урал аймагында мекенине кайтууну каалаган 600дөн ашуун кыргызстандык бар — аларды мекенге кайтаруу боюнча тиешелүү иштер улантылат.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин май айында Кыргызстанга чет өлкөдө жүргөн 1000 жаранды мекенине кайтаруу пландалып жатканын билдриген.