Бишкектеги инфекциялык оорукана карантинге жабылат — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев инфекциялык оорукананы карантинге жабуу тууралуу буйрук даяр экенин билдирди.

«Инфекциялык оорукананы жүктөлгөн жумушунан бир аз бошотуу чечими кабыл алынды: ал жактагы ооругандардын баарын чыгаруу, дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүү, медкызматкерлердин обсервациясына убакыт берүү, анан ушул иш-чаралардан кийин оорукананын ишин жандантуу», — деди Үсөнбаев.

COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн башка ооруканаларда орундар даярдалууда. Аткаминер ушул максатта кыргыз-түрк ооруканасы ачылышы мүмкүн деп билдирди. Түркия ал оорукананы колдонууга мурда эле уруксат берген, бирок үч айдан бери оорукана коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн ачылбай келген.

«Башка ооруканаларда койкалар даярдалды, алтынчы оорукана [бейтаптарды] кабыл алып жатат, темир жол ооруканасында пландалууда. Бардык койкалар белгиленген. Кыргыз-түрк ооруканасы ушул убакка даярдалды, биз багытын өзгөртүп, бардык дарылоо иш-чараларын камсыздай алабыз», — деп билдирди министрдин орун басары.

Пандемия маалында инфекциялык оорукананын 19 медигинде коронавирус аныкталган. Мекеменин беш дарыгери, беш медайымы жана тогуз кенже медкызматкери коронавирус жуктуруп алган. Мындан тышкары, бул ооруканада COVID-19 жуктуруп алган эң оор абалдагы бейтаптар жатат.

Үсөнбаев коронавирус жугузуп алган медиктер эс алуусуз, күнү-түнү иштешкен деп билдирди.

«Чын эле, инфекциялык ооруканадагы кырдаал жөнөкөй эмес, анткени күнү-түнү иштеген казармалык режим да өз кесепетин тийгизди, мындай режимде медкызматкерлер ооруканадан чыкпастан, күнү-түнү ушундай шартта иштешет», — деди ал.

Буга чейин оорукананын башкы дарыгери да Саламаттык сактоо министрлиги мекемени жабууну убадалаганын айткан.

«Биз үчүн бул чоң трагедия. Мурда бизде психологиялык абал жакшы эле, бирок ушунун бардыгы болуп кеткенден кийин, албетте, мурдагыдай болбой калды. Саламаттык сактоо министрлигинен биз өзүбүзгө келип алмайын биздин ооруканага жаткырууну убактылуу токтото турууну убада кылышкан», — деп билдирген оорукананын башы дарыгери Гүлжигит Аалиев.