Коронавирустан улам Нарын облустук ооруканасынын алдында бейтаптарды кабыл алуу үчүн чатырлар тигилди

Облустук администрациянын басма сөз кызматы Kaktus.Media басылмасына Нарын облустук ооруканасынын короосуна чатырлар тигилгенин билдирди. Мындай аракеттер дени сак бейтаптардын COVID-19 илдетин жугузуп албашы үчүн жасалган.

Бейтаптарды кабыл алып жаткан чатыр. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Эми COVID-19га шектелген бейтаптар оорукананын короосундагы чатырларда кабыл алынат. Бул үчүн ӨКМдин аймактык башкармалыгы төрт чатыр бөлүп берген.

Нарын облусундагы саламаттык сактоо боюнча координатордун милдетин аткаруучу Айнура Акматова чатырлар облустук төрөт үйүнүн алдына да коюлганын «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, чатырлар «чыпка» катары — коронавирус болушу ыктымал болгон бейтаптар инфекцияны жайылтпашы үчүн колдонулууда.

«Бул сорттоочу жер, бейтаптарды иргеп, аларды андан ары ооруканада жайгаштыруу үчүн чыпка», — деп билдирди Акматова.

Облустук администрациядан кошумчалашкандай, оорукана эки бөлүккө бөлүндү — биринчисинде коронавирус жуктуруп алган бейтаптар жатат, экинчисинде башка оорулары бар бейтаптар жайгаштырылат. Оорукананын аймагына кирүү жана андан чыгуу көзөмөлүн күчөтүү үчүн кире бериш жерде милиция кезметте турат.

Нарын облусунда 1-июнга карата коронавирус жуккандардын саны 372 кишиге жетти. Облуста аймакта жашаган калктын санына карата жуктургандар менен байланышта болгондордун саны эң эле көп болуп жатканы аныкталган.

Буга чейин, 28-майда Республикалык штаб коронавируска каршы начар күрөш жүргүзгөнү үчүн Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери жумуштан алынганын маалымдаган. Мындан тышкары, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов менен анын орун басары Касен Асизовго жана Нарын облусунун ҮМБнын башчысы Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланган.

Аны менен бирге Алияскаров саламаттык сактоо боюнча облустун координаторлук кызматынан бошотулуп, кызмат орду убактылуу Айнура Акматовага берилген.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 27-майда өткөн отурумда облустагы коронавирус кырдаалы «жетишсиз иштин, зарыл болгон ыкчам чечимдерди өз убагында кабыл албоонун, жагдайга карата талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунан» улам болуп жатат деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери жумуштан бошотулду