Түндүк Курилде эки кыргызстандыкта COVID-19 табылды

РИА Новости Түндүк Курилдеги аткаминер Александр Овсянниковго таянып, Парамушир аралында эки кыргызстандыкта коронавирус аныкталганын кабарлады.

Овсянников кыргызстандыктар эч ким менен карым-катнашта болбогонун, алар санавиция менен Камчатск аймагынын административдик борбору Петропаловск-Камчатсктын госпиталына жөнөтүлгөнүн айткан.

Кыргызстандыктардан кийин Түндүк Курилде коронавирус дагы эки адамда аныкталган, бирок бул учурларды бири-бири менен байланыштырышпайт. Коронавируска чалдыккан акыркы эки адамдан улам ӨК режими киргизилген. Сахалин облусунда жалпысынан 132 учур катталган.

Май айынын башында Орусиянын ЖМКлары Псков облусунда дээрлик 40 кыргызстандык коронавируска чалдыкканын кабарлашкан. Кыргыз курулушчулары ал жакка инфекциялык оорукана куруу үчүн оорунун очогу Москва шаарынан барышкан. Жергиликтүү депутаттар кыргызстандыктар дароо обсервацияга алынбагандыктан, бул Новосокольники шаарында коронавирустун тутанышына алып келген деп даттанышкан.