Кыргызстан 15-июндан тарта эл аралык авиакаттамдарды кабыл алууга даярдык көрүп баштайт

Материал 16.03тө жаңыртылды

Өкмөт өлкөнүн аэропортторун эл аралык авиакаттамдарды кабыл алууга 15-июндан тарта даярдоону пландап жатат. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 4-июндагы бирифингинде эл аралык каттамдар жанданат деп маалымдаган.

«Учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашыра аларын сунушташууда», — деп билдирди Акышев.

Азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын убактысы иштелүүдө. Бийлик ар бир эл аралык авиакомпанияга жумасына бир каттам уюштурууну сунуштап жатат. Ошол алгоритмге ылайык, жумасына 17-18, ал эми күнүнө 2-3 эл аралык каттам уюштуруу пландалууда.

Эл аралык каттамдарды кайра жандатуу өкмөттүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу 20-мартта бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. Бирок чет жактагы кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн уюштурулган чартердик авиакаттамдарга уруксат берилген. Буга чейин Орусия, Бириккен Араб эмирлиги, Түркия сыяктуу бир катар мамлекеттерден кыргызстандыктар учак менен кайтарылган.

4-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун жалпы 1899 учуру катталган, алардын ичинде 240ы чет өлкөдөн келген жарандардан табылган.