Москвадан Бишкекке 300дөн ашуун кош бойлуу аял учуп чыкты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 372 кыргызстандык учуп чыкты.

Алардын ичинде 5-8 айлык кош бойлуу 319 аял жана эки жашка чейинки балдары менен 53 аял бар.

Дарыгерлер кош бойлуулук мөөнөтү аяктап калганына жана бул мөөнөттө учууга болбостугуна байланыштуу 33 аялга учууга тыюу салган. Алардын экөөсү учаарга бир күн калганда көз жарган.

Бул каттамдын бизнес-классында 26 жаран учуп келатат — алардын көбү ооругандар жана туугандарынын тажыяларына учуп келаткан аялдар. Бул класстагы билеттин баасы эконом-класстыкына караганда алты эсе кымбат.

Орусиянын бийлигинин өтүнүчү менен бизнес-класста Орусиянын беш жараны да жайгаштырылган.

Дипөкүлчүлүктүн жазганына караганда, бул рейстин жүргүнчүлүрөнүн тизмесин врачтардан, юристтерден, ошондой эле, Москвадагы кыргыз диаспорасы сунуштаган Кыргызстандын аймактарынын өкүлдөрү кирген атайын жумушчу топ түзгөн.

Алар бардык маалымкаттары текшерип чыгып, кош бойлуу аялдар катталган медклиникаларга чалып чыгышкан.

Дипломатиялык миссиянын маалыматы боюнча, дагы бир жарым миңден ашуун жаңы төрөгөн аялдар, жашы жете элек балдар, кары адамдар жана катуу ооруп жаткандар мекенине учуп кетүүнү күтүүдө. Элчилик Орусиядагы бардык мекендештерди июнь айынын ичинде, ар апталык чартердик каттамдар менен алып кетүүнү пландап жатат.

Ошондой эле кыргыз элчиси мекендештерди Бишкекке автобус менен кетүүнүн сунуштаган алдамчылардан сак болууга чакырды.

«Социалдык тармактарда жана WhatsApp тайпаларында автобус жана авикаттамдар уюштурулуп жатат делген маалыматтар жалган. Буга байланыштуу Штаб расмий мамлекеттик булактарда жарыяланып аткан маалыматтарга гана ишенүүнү, Орусияда белгиленген санитардык медициналык эрежелерди сактап, ден соолукка кароону суранат», — деп жазат дипмиссия.

Кыргызстандыктарды Орусиядан алып келүү

Мурдараак, өкмөт Орусиядан миңден ашык кыргызстандыктты чыгарып кеткен.

Алгач, Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан 541 жаран автобустар менен алынып келинген. Алардын ичинен 104 адамда коронавирус аныкталган.

Аталган шаардан келгендер мурдагы «Ганси» авиабазасына жөнөтүлгөн, бирок алар чыр салып, изоляциядан чыгарууну талап кылышкан. Саламаттык сактоо министрлиги аларды үй карантинине чыгаруу чечимин кабыл алган.

20-майда Бишкекке «Тез Джет» авикомпаниясынын чартердик каттамы менен 164 мекендеш учуп келген. ТИМ 24-майда ошол эле Оренбург облусунан атайын автобустар менен чыккан 140 мекендег казак чек арасынан өткөнүн билдирген.

Кайтып келгендердин бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР тесттерди тапшырып, обсервацияга жайгаштырылат.